Менин дикциямды онуктурууго жардам берген бат айтмалар

By 14.05.2014 Чувства живущие вечно!

дикциЯ

Эртең аркарлар марчага марчалайт,
Эртең аркарлар марчага марчаласа,
Биздин жердеги аркарлар марчага марчалабай,
Кимдин жериндеги аркарлар марчага марчалайт?

* * *
Көп көпөлөк көкөлөп өтөт,
Көп көпөлөк көкөлөп өтөт,
Төрт көпөлөк бөлөк өтөт.

* * *
Былкы-былкы былкы таш,
Былкылдаган кызыл таш,
Таар токум чаар таш,
Тайгаланма кара таш.

* * *
Асманда эки айры куйрук
Бири ак кыска айры куйрук,
Бири кара кыска айры куйрук,
Ак кыска айры куйруктуу айры куйрук
Кара кыска айры куйруктун жолун тосот.
Кара кыска айры куйруктуу айры куйрук
Ак кыска айры куйруктун жолун тосот.

* * *
Кара каргаларга ала каргалар үйүр,
Ала каргаларга кара каргалар үйүр

* * *
Ай, ай Айдарбай
Ай арасы айгырды
Айымыңа айдай бар

***
Тектирдеги текеге
Тептирбегин чекеге

***
Тээ арал — тар арал
Тар аралда — марал бар
Марал бар арал — тар арал
Ал аралда маралдар

* * *
Балыктар балырларды байырлады,
Бакалар балырдан балыктарды айырмалады.

* * *
Тоодо улар уялайт,
Уларды ар ким кубалайт.
Уларды кубалайт,
Улар уялайт.

* * *
Тоголок топту Толкунбек,
Тоголотуп тепти деп,
Толгон балдар чогулду,
Топту Толкун берсин деп.

* * *
Аарыларда баары бар,
Бал челекте аары бар,
Аарыларда балы бар,
Ары жакта дагы бар.

* * *

Бат айтма

1.
Көпкөк
Көгүчкөн,
Көгүлтүр
Көрккө
Көмүлгөн.
Көрдүңбү
Көйкөлүп
Көрүнгөн,
Көк түстүү
Көлдүү өөп
Көбүргөн.

2.
Көпкөк
Көпөлөк,
Көп болуп
Ккөкөлөп,
Көргүн деп,
Көксөтүп
Көңүлдү
Көтөрөт.
Көңүлдү
Көтөрүп,
Көк, кызыл
Көйнөгүн
Көп кызга
Көрсөтөт.

3.
Аппак
Ак ыргай,
Ак ыргай
Агын ай.
алсам дейм,
Акыйтат,
Аска таш,
Алдырбай.
Аска таш
Акыйтат,
Атаны
Арманы ай.
Азабы
Аз эмес,
Ар иштин
Ар кандай.

4.
Бек тоо,
Бекем тоо,
Бер жагы
Бермет зоо,
Бермет зоо
Берметин
Берери
Бекер го.
Белгисиз
Бир бейбаш
бей жайлуу
Бек зоого,
Бермет деп,
Бекерге
«Бек» атты
Берген го.

5.
балдар,
Баарыңар,
Бул ырды
Башынан,
Байкап,
Барыңар.
«Б» ны

Бат «б» лап,
Бат окуп
Багыңар.
Бабыр,
Бабыраар,
«Ба-ба» лап
Балдыраар,
«Бай-байлап»,
«Бай-Байлап»
Баш чайкар,
Бабырлар.

А.Осмонов.

* * *
Ала кара таз тазкара аскада
Ала бала таз тазкара арчада

* * *
Базарды араласаң карала чаң,
Калдарды кардарлар алдайт,
Калдар кардарларды алдайт.

* * *
Ыргый шыргый.

Жогортодон келемин шыргый минип,
Шыргыйыма ыргый минип.

* * *
Шаштырсаң – шашыласың,
Шаштырсаң – чачыласың,

Ачтырсаң – казынасың,
Айтасың – асыл азын.

* * *
Көп-көп көпөлөк көкөлөп өтөт,
Төрт көпөлөк бөлок өтөт.

* * *
Чака-чука чайнек.
Сынып калат айнек.

* * *
Чагы бар там, чалдыбар там,
Чабалекей чаңкай асман.
Чаар чымчыктар, чар-чар этип,
Чар тарапка чабыттаган.

* * *
Бир чапчакты кир капкак,
Бир чапчакты бир капкак.

* * *
Карап кара карандашын,
Учтап карандашын карындашым,
Учтады карындашым карандашын.

* * *
Кезек-кезек
Тезек терсек,
Керек дешет
Кезек тезек.

* * *
Кырк кыл куйрук,
Кырк кызыл куйрук,
Кырк кыл куйрук ичинде
Ылгый кызыл кыл куйрук.

* * *
Кулубай көөгөндү чертсе
Кулун куйругун серпти.

Кулубай кулунду куйруктан алса,
Кулун Кулубайды бир тепти.

* * *
Ч – тамгасына сөз.

Чыныбай чалгы менен чөп чаап, чаңкаганда чалаптан чайкап, чарчап чаалыкканда, чиркей Чыныбайдын чыканагын чаңырта чакты, чиркей Чыныбайдын чыканагын чаңырта чакканда, чырайлуу Чынар чайканадан чуркап чыгып, Чыныбайдын чыканагын чүпүрөк менен чие чатыратты.

* * *
Турдубай түштө,
Тултуңдап турду.
Тооктордун куйөөсүн
Таяк менен урду.
Тамды айланып корозду
Далайга куду.
Күйүктү короз
Кышылдап мууну.
Кукулдап коет
Жактырбай чууну.
Турдубай жалко
Түшүнбөй муну
Таш менен таамай
Так башка урду.
Жыгылды короз
Канжалап мурду.
Турдубай коркуп,
Көңүлү сууду.
Өлгөнүн көрүп
Чачтарын жулду.
«Ит талады»,- деймин деп

Планды курду.
Он тооктун күйөөсү
«Кук» этпей көз жумду.
Отуз балапан атасын
Ушинтип кудай урду.

* * *
Рыбачылык Раймаалынын ролундагы Райымбердиев Руслан Рахатович Россиялык режиссер Родовко Ригадагы «Рим» ресторанынан: — республикасын, райондорун, реформасын, рыногун, руханиятын, рингтеги Русланын, Репер Расулун, Рыбачыдагы Регинанын рагусун, рулеткасын, Рамистин радиодогу репортажын, румынский ручкасын, акырында Рысбек Рембодой рекеттерин да рахаттана рекламалады.

* * *
Бир коон, бир дарбыз,
Бир күн кечке ырдайбыз.
Эки коон, эки дарбыз,
Эки күн кечке ырдайбыз.
Үч коон, үч дарбыз,
Үч күн кечке ырдайбыз.
Төрт коон, төрт дарбыз,
Төрт күн кечке ырдайбыз.
Беш коон, беш дарбыз,
Беш күн кечке ырдайбыз.

Он коон, он дарбыз,
Он күн кечке ырдайбыз.
Опур-топур баарыбыз

Орок оруп ырдайбыз.

* * *
— Эй, тегирменчиникиндегилерденсиздерби,
же, гезитчиникиндегилерденсиздерби,
же, эсепчиникиндегилерденсиздерби,
же, электрикчиникиндегилерденсиздерби,
киши сүйлөсө токтогондордонсуздарбы,
же, койдон жоош коноктордонсуздарбы?

- Бирибиз – тегирменчиникиндегилерденбиз.
Экинчибиз – гезитчиникингегилерденбиз.
Үчүнчүбүз – эсепчиникиндегилерденбиз.
Төртүнчүбуз – электрикчиникиндегилерденбиз.
Эркек сүйлөсө токтогондордонбуз,
кыз сүйлөсө токтобогондордонбуз.

* * *
Бул кайсы оозу май тайлак?
Бул кайдагы май, сары бал каймак?
Бул оозанган оозу май тайлак,
Бул сүр, сары май бал каймак.

* * *
Бүркүтчүлөр бүркүтүн томого менен томоголойт,
Бүркүтчүлөр бүркүтүн томого менен томогологондо,
Биз бүркүтүбүздү томого менен томоголобой,
Ким бүркүтүн томого менен томоголойт.

* * *
Жылкы жыйырмага чыкпай картаярбы?
Картайган жылкынын сөөгү аркаярбы?
Картайганда картаң жылкыны
Картайган киши кайтарарбы?

* * *
Адыраңдаган – Адыраңбайбы?
Калпты көп айткан – Кадыраңбайбы?

* * *
Сен ардандыра албасаң,
Мен ардандыра алмак белем.
Мен ардандыра албасам,
Сен ардандыра алмак белең.

* * *
Алаңгазардын алаңгазарлыгы
Алаңгазарды алаңгазарлатпадыбы.
Алаңгазардын алаңгазарлыгы
Алаңгазарды алаңдатпадыбы.

* * *
Атаң баккан уйлардын
Көпчүлүгү – сары ала.
Азырагагы – кара ала.
Атам баккан уйлардын
Көпчүлүгү – кара ала,
Азыраагы – сары ала.
Ишенбесең экөөнүн
Бүт уйларын арала.
* * *
Кара балапан
Карап алакан,
Кайра акыят
Карап алакан.
Карды кампайсын,
Кана балапан?
Таруу, күрүчкө,
Толсун алакан.
Топтоп чокулап
Тойсун балапан.

* * *
Көк чөп көп,
Көпкөк чөп.
Көк чоптөн көп
Көпкөк чөп.

* * *
Өйүзгү арал,
Бүйүзгү арал.
Өйүзгү аралды
Мал аралаар.
Бүйүзгү аралды марал аралаар.

* * *
Кыркы кыл куйрук,
Кырк кыл куйрук ичинде
Кыргый кызыл кыл куйрук,
Кыргый кызыл кыл куйрук.

* * *
Жаңыл айтты жаңылмач,
Жаңылмачты жаңылтпас.
Жамал айтты жаңылмач
Жаңылмачын жан укпас.

* * *
Алмаз кагазга
Каз деп жазды.
Апаз жазууну
Жаз деп жазды.
Казда тамга азбы,
Жазда тамга азбы
Деп да алар жазды.

* * *
Анар алма алды,
Алмаш анар алды.
Алмаш алма алам деп,
Анар анар алап деп,
Алмашып адашып калды.

* * *
Үч кышты
Бет ташка төшө.
Үч ташты
Беш кышка төшө.

Тамдан кулап,
Тамым урап.
Чунак кулак улак
Чуркап турат.
Алыкул Осмонов

* * *
Оюнсаак Омор
Ойлонсо оңоор.
Обу жок ойнун
Ойнобой коёр.

Ак таш, көк таш,
Алды Бекташ.
Ал деп боз таш,
Калды көп таш.
Абзий Кадыров

* * *
Багымда бал аары бар,
Байкагыла баарыңар.
Байкабасаң аарылар,
Баш көтөртпөйт баарылар.
Баарыласа аарылар,
Бакыргыла баарыңар.
Бакырбасаң баарыңар,
Балээ болот аарылар.

 ***

Жаныш арбайт Майрашты
Майраш каргайт жайнашты,
Ал экоону кайраштырган,
Жаныш деген бейбашпы,
Кайраштырган, арбаштырган
Майраш менен Жайнашты
Кармаш керек байлаш керек
Жаныш шумпай бейбашты.

***

Чон курсак беке
Узун бут кеке
Жана да Мекке
Учоонун мингени
Муйуздуу теке
Учоону теке,
Которот жеке,
Кубанат Беке
Каткырат Мекке
Ышкырат кеке
Монгудо теке
Жыгылды Беке
Ыргыды Мекке
Кулады Кеке
Ыйлады Беке
Бакырды Мекке
Чанырды Кеке
Баарын кылган
Муйуздуу Теке.

***

Чайханада карылар
Чайлагыла баарынар
Чайлабасан баарынар
Чайды чачат карылар
Чаныргыла баарынар
Чанырсанар баарынар
Чынар келип дарылаар.

***

Каак каак каргалар
Камыш тубу жорголор
Жорголор деп ким айтат?
Жортуп жургон киши айтат
Киши айтат деп ким айтат?
Кишенделуу тай айтат
Тай айтат деп ким айтат?
Тай энеси кулпу айтат
Кулпу айтат деп ким айтат?
Кудуктагы бака айтат
Бака айтат деп ким айтат?
Маарап жургон эчки айтат
Эчки айтат деп ким айтат?
Энеси олгон теке айтат
Теке айтат деп ким айтат?
Тели болгон жылкы айтат
Жылкы айтат деп ким айтат?
Жылып акка суу айтат
Суу айтат деп ким айтат?
Суу тубундо таш айтат
Таш айтат деп ким айтат?
Бартар деген куш айтат
Куш айтат деп ким айтат?
Куйоосу келген кыз айтат
Кыз айтат деп ким айтат?
Кырда жаткан тоо айтат
Тоо айтат деп ким айтат?
Тоонун чону нар айтат
Нар айтат деп ким айтат?
Намаа тарткан манги айтат.

Поделиться в соц. сетях

Опубликовать в Google Buzz
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники

You Might Also Like

Бет боектун тарых

By 06.03.2014 Чувства живущие вечно!

Сулуу эмес аял болбой, озун карабаган аялдар болот деген созду кээде угуп калабыз. Дегеним биздин жашообузда бетти кооздоп бойё коптогон айымдарыбызга адатка айланган.

Бетбоектун тарыхын изилдей келсе  илгерки баштапкы коомдо эркектер согушка барганда душмандарды коркутуу максатында боёнушчу экен. Боёнуу учун алар жемиштердин сокторун, чопо ылайы, сары же кызыл тустогу минерал боёк, жыгач комур боёкторун колдонушкан. Азыркы кундо Африка дал ушул боёкторду колдонуп келишет.

1

 

Бара бара бетти эн алгач илгерки Египетте боёй башташкан. Клеопатра биринчи боёк рецептер жыйнагын жазган. Аз отпой бетбойо Греция менен Римге да жеткен.

Бет боёк грек созунон алганда “космет”деген создон келип чыгып, “бетти кооздо чеберчилиги” деп которулат.

Римдиктер болсо алдыга чыгышып дарылоо боёкторун ойлоп табышкан.

Жанылануу доорунда  боёнуу каражаттары Европага жетип, биринчи эле Францияга кирип келген, Францияда озгочо кооздочу боёктор багытында онуккон. Ойдо статустагы адамдардын уйуно макияжсыз келууго тыюу салынган.  Айымдар каштарын толугу менен жулуп салып, жасалма кылып каштын сызыктарын ойдо которушкон.

17 кылымда Карл II башкаруусунда беттин бозтугу модадан чыгып, кызартуу учун эндик колдоно башташкан.

18 кылымда моданын артынан кубалаган адамдар жаны багытты киргизишкен. Мисалы: Упанын коп коюп, бетке эндик коюп, кашты капкара кылып боёп, ачык тустогу ооз боёкту колдонуп, упаланган  жасалма чачтарды кийишкен. Алардын келбети шыбактап койгондой корунчу.

18 кылымдын жарымында табияттан берилген сулуулукка басым жасалган

20 кылымда согуштан кийинки убакытта айымдар коз менен оозду боёго басым жасашкан.

11

Бугунку кундо бет боектордун жана макияждын турлору арбын. Азыркы кундо кээбир кыздар макияжсыз кочого чыкпары маалым.

Кыздар уч типке болунот: Бойонгондор, бойонумуш эткендер анан бойонбогондор. Эмнеге бойонушаары боюнча биринчиси менен экинчиси тушунуктуу. Экинчиси менен учунчусу жагымдуу. Биринчи менен учунчунун коз караштары келишпесе керек. Учоонун эн негизги айырмачылыктарын «коз» жана «тырмак»тан тапса болот. Эн кызыгы учунчусу бойонгондо дароо биринчилерге секирет. А кечелерден дээрлик кобу биринчиге айланат. Туйшукко келгенде биринчиси учун бул конумуш адат. Экинчиси учун убакыт алат. Учунчусу убакыт жок дейт жана жон гана «бойоп койсом деле болот» деп айтышат кээбир жигиттер.

Жылдыздар боёксуз жана боёк менен!

Ума Турман

Kfoto ma Turman

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ева Лонгория

Kfoto Eva Langoria

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Айгерим Расул кызы

1380761_525251317543036_1726586535_n

Поделиться в соц. сетях

Опубликовать в Google Buzz
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники

You Might Also Like